Кыргызстандын туристтик объектилери үчүн жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо боюнча эксперттердин биринчи чыгарылышы

Новости
12-Декабрь 2025-ж.
187

2025-жылдын 12-декабрында Бишкекте Кыргызстандын туристтик тармагы үчүн Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо боюнча мамлекеттик системанын (ЖКМС) алгачкы эксперттерин даярдоо боюнча эки күндүк программа аяктады. Окутуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен, Алматы – Бишкек экономикалык коридорунун (АБЭК) алкагында уюштурулду.

Программага ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 17 угуучу катышты. Курстун жүрүшүндө алар мейманканаларды, конок үйлөрдү жана боз үйлүү лагерлерди классификациялоонун принциптерин жана критерийлерин изилдеп, критерийлерди талдоо жана актыларды түзүү көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Ошондой эле «Амбассадор» жана «Солютель» мейманканаларынын базасында практикалык классификация жүргүзүштү. Акыркы этапта экзамен болуп, анын жыйынтыгына жараша катышуучулар стажировкага жана кийинки сертификацияга жолдомо алышат.

Туризм департаментинин директору Эрденет Касымовдун айтымында, ЖКМС жайгаштыруу рыногун түшүнүктүү жана башкарууга ыңгайлуу кылат. «Мамлекет үчүн система бардык категориядагы объектилер үчүн бирдиктүү талаптарды белгилеп, туристтерге кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу ишенимдүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк берери абдан маанилүү. Бул – тармактын келечектеги өсүшүнүн пайдубалы», — деп белгиледи ал.

Мамлекеттик жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо системасынын негизги максаты — туристтерди кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу, тейлөөнүн эл аралык стандарттарын сактоо, тейлөө деңгээли боюнча объектилерди айырмалоо, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана баалоонун объективдүүлүгүнө ишенимди күчөтүү аркылуу туристтик агымды арттыруу.

«Биз рыноктун бардык катышуучулары үчүн адилеттүү эрежелерди түзгөн системаны куруп жатабыз. Эксперттер объективдүү баалоону жана стандарттардын сакталышын камсыз кылган негизги звено болуп калат», — деди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директорунун орун басары Апас Рыспеков.

Маалымат үчүн:

ЖКМС — бул мейманканаларда, конок үйлөрүндө, боз үйлүү лагерлерде жана санатория-курорттук объекттерде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын баалоонун бирдиктүү тартибин жана ачык критерийлерин белгилеген улуттук стандарт. Система жылдыз, эдельвейс жана түндүк түрүндөгү категорияларды ыйгаруу эрежелерин киргизип, классификациядан өткөн жайгаштыруу каражаттарынын бирдиктүү реестрин түзөт.


Онлайн кайрылуу