Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө Мыйзам долбоору кээ бир ченемдерин тактоо менен биринчи окуудан жактырылды

Новости
05-Январь 2016-ж.
2022

2016-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлунда № 459 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышында каралып биринчи окуудан өттү.

Бул Мыйзам долбоору мыкты эл аралык тажрыйбага шайкеш келтирүү жана ушул Мыйзамды колдонуунун тажрыйбасын эске алуу менен МЖӨ долбоорун илгерилетүү жол-жоболорун жана баскычтарын өркүндөтүү максатында иштелип чыгарылды. Мындан тышкары, МЖӨ концепциясын жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» КР мыйзамына берилген, инфратүзүмдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдө МЖӨ колдонуу механизмдерин мындан ары натыйжасыз жана туура эмес пайдаланууга жол бербөөгө мүмкүндүк берүүчү кээ бир ченемдерге тактоо киргизилүүдө.

Бул мыйзам өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына жеке инвестициялык капиталды тартуу, инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, кошумча жумуш орундарын түзүү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү менен колдонуудагы инфратүзүмдүк объекттерди жаңы куруу жана модернизациялоо аркылуу бир топ салымын кошот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу