Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты

Новости
12-Декабрь 2025-ж.
437

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Бакыт Сыдыковдун Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюичи мырза менен жолугушту.

Министр Бакыт Сыдыков Хирано Рюичи мырзаны кабыл алып, аны элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, Япония Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин жана эки өлкө ортосунда достук жана ишенимдүү мамилелер калыптанганын баса белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, инвесторлор жана ишкерлер чөйрөсүн жакшыртууга багытталган шарттарды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле экономикалык кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтык механизмин түзүү маселелери да көтөрүлдү.

Жолугушууда Экономика жана коммерция министрлиги JICAнын колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун жүрүшү жана анын мындан аркы өнүгүү багыттары да талкууланды.

Онлайн кайрылуу