«Кыргыз Республикасынын мыкты экспортери – 2025» Улуттук конкурсуна катышууга чакырабыз!

Новости
11-Декабрь 2025-ж.
198

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору өлкөдөгү компанияларды жана ишкерлерди «Кыргыз Республикасынын мыкты экспортери – 2025» Улуттук конкурсуна катышууга чакырат.

Бул – компанияңыздын мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жана экспорттук багытты кеңейтүүгө берилген уникалдуу мүмкүнчүлүк.


Жеңүүчүлөргө экспорттук потенциалды өрчүтүүгө багытталган каржылык жана каржылык эмес колдоо чаралары көрсөтүлөт.

Заявкаларды кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 19-декабры, саат 23:59га чейин.

📅 Сыйлык тапшыруу аземи: 2025-жылдын 24-декабры
📍 Өтөт турган жер: Novotel Bishkek, Манас проспекти, 16

Конкурска өлкө аймагында катталган жана жок дегенде бир жылдан бери экспорттук ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат.

Конкурстун алкагында 10 номинация каралган.

1) Тамак-аш өнөр жайынын мыкты экспорттоочусу: Терең иштетилген азыктар: ширелер, кыямдар, пастила, варенье, колбасалар, балык консервалары, даяр тамактар, снэктер ж.б. Иштетилген продукциянын туруктуу жогорку көлөмдөгү экспортун көрсөткөн компания белгиленет.

2) Айыл чарба продукциясынын мыкты экспорттоочусу: Жашылчалар, жемиштер, жаңгактар, төө буурчак, дан эгиндери, чөптөр, буурчак өсүмдүктөрү, татымалдар ж.б. Жогорку сапатты жана жаңы же алгачкы иштетилген айыл чарба продукциясын туруктуу жеткирүүнү камсыз кылган компания таанылат.

3) Текстиль жана жеңил өнөр жайынын мыкты экспорттоочусу: Кийим-кече, кездемелер, жип, килемдер, трикотаж, аксессуарлар, булгаары галантереясы ж.б. Туруктуу экспорттук каналдары, эл аралык стандарттарга (GOTS, OEKO-TEX ж.б.) шайкештиги жана брендди активдүү илгерилетүүсү бар компания бөлүнүп көрсөтүлөт.

4) Өнөр жай продукциясынын мыкты экспорттоочусу: Металл иштетүү, машина куруу, курулуш материалдары, кабелдик продукция, айнек, радиаторлор, эмеректер ж.б. Кошумча наркы жогору продукциянын экспортун масштабдай алган компания таанылат.

5) МКТ жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыкты экспорттоочу: IT, аутсорсинг, финтех, креативдүү индустриялар, туризм, транспорттук-логистикалык кызматтар ж.б. Валюталык кирешеси тастыкталган материалдык эмес продукцияны (кызматтарды) экспорттогон компания белгиленет.

6) Органикалык сегменттеги мыкты экспорттоочу: Органикалык стандарттар боюнча сертификатталган продукция (EU Organic, USDA Organic, Global Organic ж.б.). Сертификаттардын болушу жана экологиялык жактан сезимтал рынокторго жеткирүү көлөмү эске алынат.

7) Жылдын ийгилиги: Мурунку жылга салыштырмалуу экспортун бир кыйла көбөйткөн компания. Негизги критерий - өсүү темпи жана жеткирүү географиясын кеңейтүү.

8) Мыкты чакан/орто экспорттоочу: Кызматкерлеринин саны 50гө чейин жана экспорттук кирешеси 1 миллион АКШ долларга чейинки экспорттоочу. Эффективдүүлүгү, инновациялуулугу жана масштабдоо мүмкүнчүлүгү бааланат.

9) Мыкты аймактык экспорттоочу: Кыргыз Республикасынын аймактарынан (Бишкек шаарынан тышкары) катталган жана экспортту ишке ашырган компания. Номинациянын максаты — аймактык өндүрүүчүлөрдү илгерилетүү жана жергиликтүү экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү.

10) Аял-экспорттоочу: Экспорттук ишмердүүлүктө олуттуу ийгиликтерге жетишкен, аял тарабынан негизделген же аял негизги ээси/жетекчиси болгон компания.

Катышуу үчүн төмөндөгү форманы толтуруу керек:

🔗 https://forms.gle/rMmgaiZrtvotP5SPA

Онлайн кайрылуу