Бишкекте банк жана финансы уюмдары үчүн жашыл жана туруктуу каржылоону илгерилетүү, ESG-критейрилерин (экологиялык, социалдык жана башкаруу) өнүктүрүү жана банктарды жашыл каржы продуктылары менен иштөөгө даярдоого багытталган тренинг болуп өттү. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Глобалдык жашыл өсүү институту (GGGI) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн жашыл экономикага өтүү боюнча стратегиялык көз карашын жана негизги жетишкендиктерин сунуштады. Алардын катарында: Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы программасынын кабыл алынышы, пилоттук Жашыл таксономиянын ишке киргизилиши жана Жашыл каржылоо фондунун түзүлүшү бар. Министрликтин адистери мамлекеттик органдын жашыл каржы инфраструктурасын калыптандыруудагы ролу тууралуу панелдик талкууларга активдүү катышты.
Ошондой эле катышуучуларга банктардын мүмкүнчүлүктөрүнө жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыктары, туруктуу каржылоонун негиздери, ESG-процесстерин интеграциялоо ыкмалары жана экологиялык жана социалдык мааниге ээ каржы продуктыларын иштеп чыгуу боюнча практикалык сунуштар көрсөтүлдү. GGGI, PwC жана S&P эксперттери эл аралык тажрыйба жана туруктуулукту баалоо инструменттери менен бөлүштү.
Бул долбоор Кыргызстандын каржы системасын чыңдоого, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана жашыл экономикага өтүү процессин тездетүүгө чоң салым кошот. Ал банктарга жаңы рынок талаптарына даярданууга, ал эми мамлекетке экологиялык маанилүү долбоорлорду колдоо механизмдерин натыйжалуу түзүүгө жардам берет.