Бүгүн, 9-декабрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Реми Дюфлону Евробиримдиктин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматына кириши менен куттуктап, анын бай кесиптик тажрыйбасы Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенгенин билдирди.
"Сандар Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн туруктуу оң динамикасын көрсөтүп турат. 2021-жылдан баштап өз ара сооданын көлөмү эки жарым эсеге көбөйдү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 837 млн АКШ долларынан ашты", - деп белгиледи министр.
Министрлик башчысы Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасынын негизги артыкчылыктары, анын ичинде индустриялаштыруу, "жашыл" энергетикалык системаны өнүктүрүү, аймактык хабды түзүү, ошондой эле айыл чарбасын жана туризмди илгерилетүү жөнүндө кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, ал инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер жөнүндө айтып берип, министрликтин ишинин негизги багыттарынын бири чакан жана орто бизнести колдоо экенин баса белгилеп, бул багытта европалык тараптын колдоосуна үмүттөнөрүн билдирди.
Өз кезегинде Реми Дюфло 1990-жылдардын башында Кыргызстанда болуп кеткенин маалымдап, өлкөнү жакшы билерин белгиледи.
"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылы Бельгияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ратификациялоо процедуралары аяктагандан кийин кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылат", - деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле GSP+ режиминин алкагындагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү келечектерин талкуулашып, бул механизмдин олуттуу потенциалын жана Кыргыз Республикасынын аны максималдуу натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Маалымат үчүн: GSP+ (Generalised Scheme of Preferences Plus) - Кыргыз Республикасынын Евробиримдиктин рыногуна жеңилдик менен кирүүсүн камсыз кылган Европа Биримдигинин атайын соода режими.