«Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзам долбоору тууралуу

Новости
09-Декабрь 2025-ж.
210

«Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле салык эмес кирешелерди кайтарып берүү тартибин тактоо, административдик сот өндүрүшүн жөнөкөйлөтүү, мыйзамсыз экономикалык ишмердүүлүк үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана салык талаштарын арачылык аркылуу кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу максатында Министрлик тарабынан 2025-жылдын 18-ноябрында «Салык администрациялоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору коомдук талкуу процедурасын жүргүзүү үчүн демилгеленди жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды деп маалымдайт.

Муну менен бирге, 2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин № 350 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынган.

Ушул Жарлыкка ылайык Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңештин кароосуна төмөнкүлөрдү караган жана чакан жана орто бизнес субъекттерин колдоого багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизүү тапшырылды:

– зергерчилик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо, ошондой эле зергерчилик буюмдарын чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн алып чыгууда бажы алымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү;
 – мурда алынып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергерчилик буюмдарынын калдыктарын эки айдын ичинде мыйзамдаштыруу, мыйзамдаштыруу мезгилинде салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий киргизүү;
 – ыктыярдуу негизде ата мекендик зергерчилик буюмдарын өндүрүүчүлөргө буюмдарды сыноо жана аларга тиешелүү пробаны тастыктаган өзүнүн эн тамгасы менен эн тамгалоо функцияларын (мамлекеттик пробирдик эн тамгадан тышкары) өткөрүп берүү, пробирдик жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү маселесин кароо;
 – жеке жана юридикалык жактарды автотранспорт каражаттарын сатууда үч жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотуу;
 – жеке жактарды, жеке ишкер катары катталгандарды кошпогондо, автотранспорт каражаттарын сатууда 2026-жылдын 1-январына чейин алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде пеня жана санкция суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу;
 – Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын тетиктерин сатууда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу;
 – тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларынын төмөндөтүлүшү;
 – чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларынын төмөндөтүлүшү;
 – Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишке ашырылган ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө;
 – чет мамлекеттин банкы аркылуу ишке ашырылган транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөө.

Жогоруда көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу зарылдыгына байланыштуу Жарлыкка ылайык Мыйзамдын алгачкы долбоору иштелип чыгып, 2025-жылдын 8-декабрында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (https://koomtalkuu.gov.kg/ru/npa-view/5523) коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жайгаштырылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорго тиешелүү маселелер боюнча Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Исаков С. Т.га +996 555 222 601 байланыш телефону аркылуу жана/же «Коомталкуу» сайты аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Онлайн кайрылуу