Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде "Көмүр кычкыл газынын чыгаруусун кыскартуу боюнча тандалган чараларды бекемдөө" долбоорунун алкагында Жашыл таксономия боюнча эки күндүк семинар болуп өттү. Долбоор Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) буйругу менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH тарабынан ишке ашырылууда.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов жана GIZдин "Борбор Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү" долбоорунун жетекчиси Юдит Бланк айым ачып беришти. Спикерлер жашыл таксономиянын парник газдарын чыгарууну кыскартуу боюнча туруктуу каржылоонун жана саясатты ишке ашыруунун негизги инструменттеринин бири катары маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чарага негизги мамлекеттик органдардын өкүлдөрү - Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук банк, мамлекеттик бажы кызматы, мамлекеттик салык кызматы, жаратылыш ресурстары министрлиги, улуттук статистика комитети, ошондой эле банктык жана микрофинансылык секторлордун, ишкердик ассоциациялардын, импорттоочу компаниялардын жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун өнүктүрүү программасынын, Дүйнөлүк банктын жана GIZдин 30дан ашуун өкүлдөрү катышты.
Эки күндүк семинардын жүрүшүндө жашыл таксономияларды колдонуунун эл аралык жана регионалдык мисалдары сунушталды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын контекстинде улуттук ыкманы киргизүү боюнча катышуучулар менен практикалык талкуу жүргүзүлдү. Таксономияны пландаштыруу, статистика, банктык ишмердүүлүк, салык салуу жана бажылык жөнгө салуу процесстерине интеграциялоонун перспективалары талкууланды.