2025-жылдын 5-декабрында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Кыргыз Республикасынын компаниясынын катышуусу менен жеке компьютерлердин системалык блокторун өндүрүү боюнча кооперациялык долбоор жана ЕАЭБ бюджетинен субсидия берүү жактырылды.
Долбоордун билдирүүчүсү – "Сбербанк" ПАО (Россия). Аны россиялык "Бештау Электроникс" ЖЧКсы Кыргыз Республикасынан жана Беларусь Республикасынан келген ишканалардын катышуусу менен ишке ашырат. Кыргыз Республикасынан системалык блоктор үчүн металл корпустарын жеткирүүчү "Кыргызэлектроника" ЖЧКсы катышат. Долбоор боюнча ишкананын болжолдуу кирешеси 2030-жылга чейин 175 000 корпусту жеткирүүдө 416,5 миллион рублди түзөт.
Долбоор даярдоо мезгилин (2026-жылдын 1-кварталы – 2027-жылдын 1-кварталы), өндүрүштүн эки этабын ишке киргизүүнү жана 2028-жылдын 2-кварталында толук кубаттуулукка чыгууну карайт. ЕАЭБ бюджетинен субсидиянын көлөмү 222,2 миллион рублди түзөт, бул Россия Банкынын негизги ставкасын эске алуу менен кредиттик ставканы 23%дан 6,5%га чейин төмөндөтөт.
Биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кредиттер жана займдар боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоону караган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнө финансылык колдоо механизми 2023-жылы иштей баштаган. Ал өнөр жай кооперациясын стимулдаштыруу үчүн түзүлгөн жана мүчө мамлекеттердин ишканаларына тартылган финансылык ресурстардын наркын кыйла арзандатууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги долбоордун өтүнмөсүн даярдоого жана коштоого ар тараптуу жардам көрсөттү. Бизнести субсидиялоо механизминин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга активдүү катышууга чакырабыз.
Маалымат үчүн: кооперациялык долбоорлор келип түшкөн сайын жылына эки жолу – 1-апрелге чейин жана 1-октябрга чейин – өтүнмөлөрдүн тизмеси түзүлүп, аларды приоритетине жараша баалоо жүргүзүлөт.