Министр А. Кожошев кыргызстандыктарды келе жаткан 2016 - жаңы жыл менен куттуктайт

Новости
30-Декабрь 2015-ж.
1951

""Урматтуу кесиптештер, урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди келе жаткан 2016 - жаңы жылыңыздар менен жан дүйнөмдөн куттуктаймын!

Өткөн жылыбыз өлкөбүздүн турмушунда бир топ оң жаңыланууларга бай болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң түрткү боло алды деп терең ишенем.

Келе жаткан жыл өлкөбүз үчүн жаңы, зор жетишкендиктердин башаты, ар бир кыргызстандын атуулу үчүн жакшы өзгөрүүлөрдүн, бейпилдиктин жана токчулуктун жылы болсун.

Онөктөштөрүбузгө ыраазычылык билдиребиз жана келе жаткан жаңы жылда кызматташыбыз жемиштүү болуп өнүго беришине үмүт артабыз.

Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, ырыскы- ынтымак каалап, ишиңиздердеги ийгиликтердин жарала берүүсүнө чын-жүрөктөн тилектешмин. Келе жаткан жылы алдыга койгон пландарыңыздар ишке ашсын, жаңылыктар жана ачылыштар ийгиликке толсун.

Ар дайым үй-бүлөңүздөр менен аман болуңуздар!

Ар бир тилек, үмүт ишке ашкан ийгиликтүү жыл болсун!

Эң жакшы каалоо-тилектер менен,

Кыргыз Республикасынын

Экономика министри А. Кожошев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу