Бүгүн, 5-декабрда, Бишкек шаарында Түрк инвестициялык фонду Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү. Жыйында Фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи кварталында башталаары тууралуу чечим кабыл алынды. Мындай чечим Фонддун стратегиялык демилгелерин ишке ашырууда жана практикалык ишин жолго коюуда маанилүү этап болуп саналат.
Ошондой эле жыйындын алкагында Фонддун практикалык ишин баштоонун тартибин аныктаган негизги уюштуруучулук, каржылык жана нормативдик документтер талкууланды. Бул документтер даярдык баскычын толук аяктоого өбөлгө түзөт.
Фонддун ишке толук кандуу киришиши катышуучу мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүүгө түрткү берет деп күтүлүүдө. Жыйындын жыйынтыгында тараптар түрк дүйнөсүнүн интеграциясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, узак мөөнөттүү өнүгүүгө жана өз ара өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө биргелешип умтуларын тастыкташты.
Маалымат үчүн
Фонддун сайты: https://www.turkicfund.org/
Башкы кеңсеси: Стамбул, Түркия
Катышуучулар: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан; байкоочу өлкөлөр — Венгрия жана Түркмөнстан
Уставдык капиталы: алгачкы көлөмү — 500 млн доллар, кийин 1,5 млрд долларга чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар
Фонддун президенти: Амреев Багдад Култаевич
Фонддун максаттары
- Түрк мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү
- Инфраструктуралык, өнөржайлык жана инновациялык долбоорлорду каржылоо
- Кичи жана орто бизнести колдоо
- Регионалдык экономикалык интеграцияны бекемдөө
Иштөө механизмдери
- Жеңилдетилген кредиттерди берүү
- Эл аралык каржы институттары менен биргелешип долбоорлорду каржылоо
- Экономиканын стратегиялык секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу