Бакыт Сыдыков Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар меморандумдарга кол койду

Новости
05-Декабрь 2025-ж.
152

2025-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол койду.

Кол коюлган меморандумдар соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүүгө, логистикалык байланышты жакшыртууга, туристтик потенциалды илгерилетүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы өз ара сооданын механизмдерин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Атап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Пакистан портторун аймактык байланыш үчүн пайдалануу боюнча кызматташтык жаатындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Деңиз иштери министрлигинин ортосунда.
  • Эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму — Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда.
  • Туризм тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда.
  • Кызматташтык меморандуму — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосунда.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Пакистан Ислам Республикасы менен экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган макулдашууларды ишке ашыруу жумуштарын улантат.

Онлайн кайрылуу