Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине № 2 өзгөртүүлөр долбоору (мындан ары – № 2 өзгөртүүлөр долбоору) техникалык регламенттин айрым жоболорун тактоо бөлүгүндө аны колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен ЕАЭБдин расмий сайтында https://regulation.eaeunion.org/pd/3290/ дарек боюнча коомдук талкууга жайгаштырылган.
№ 2 өзгөртүүлөр долбоору:
– табигый минералдык сууларды, табигый жана иштетилген ичүүчү сууларды маркалоого, таңгакталган ичүүчү сууларды декларациялоодо же мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө маркалоонун шайкештигин ырастоого карата бир катар талаптарды киргизет;
– ашкана сууларына карата табигый минералдык суулардагы фториддердин жол берилген деңгээлин, марганецти жана дарылоо жана дарылоо-ашкана сууларына карата радиациялык коопсуздукту баалоо талаптарын кайра карап чыгат;
– редакциялык жана техникалык мүнөздөгү бир катар дал келбестиктерди жоёт.
№ 2 өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча коомдук талкуу мезгилинин аяктоо күнү - 2026-жылдын 6-марты.
№ 2 өзгөртүүлөр долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар коомдук талкуу аяктаган күндөн кечиктирбестен Комиссияга жазуу жүзүндө берилиши мүмкүн.