Кореялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Новости
04-Декабрь 2025-ж.
186

Бүгүн, 4-декабрда, Бишкек шаарында «Корея жана Борбор Азия 2025: Экономикалык кызматташтык аянтчасы» аттуу бизнес-форум өтүп жатат. Кыргызстанга келген кореялык ишкерлерге өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов өз сөзүндө 2024-жылдагы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 435 млн АКШ долларынан ашканын белгиледи. «Быйыл бул көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу 30%дан ашык өсөт деп күтүүдөбүз. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 22 эки тараптуу документке кол коюлган. Биз Кореянын жогорку технологиялык тажрыйбасын экономикадагы ар кыл тармактар боюнча жогору баалайбыз жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкка ачык экенибизди билдиребиз», — деди ал.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров Кыргызстандын ыңгайлуу географиялык жайгашуусун белгилеп, өлкөнүн көптөгөн эл аралык уюмдарга болгон мүчөлүгү тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн практикалык жагдайларын — юридикалык жактарды ачуу, салыктык жөнгө салуу, банк системасынын өзгөчөлүктөрү жана эркин экономикалык зоналардын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Мындан тышкары, инвесторлор үчүн артыкчылыктуу тармактар катары айыл чарба, гидроэнергетика, туризм, жеңил өнөр жай жана электрондук соода багыттарын өзгөчө баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бизнес же биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эгерде өзүңүздөрдүн өндүрүшүңүздөр үчүн жабдууларды алып келсеңиздер, ал жабдыктар НДСтен бошотулат. Эгерде жабдыктар сатуу максатында киргизилген болсо НДС төлөө керек. Биз өз тараптан аналитикалык жана консалтингдик колдоо көрсөтүп, сиздерди тышкы рынокторго чыгарууга жардам бергенге даярбыз», — деди У. Такиров.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү иш-чара 2024-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий визитинин алкагында «Кыргыз Экспорт» борбору менен KOTRA ортосунда кол коюлган меморандумдун натыйжасы болуп саналат.

Бизнес-форумдун экинчи күнү 5-декабрда саат 10:00дө «Дордой Плаза» соода борборунун 2-кабатында өтөт. Анда корей жана борбор азиялык өндүрүүчүлөрдүн керектөөчү товарларынын биргелешкен промо-көргөзмөсү уюштурулат. Көргөзмөдө корей товарлары кеңири аудиторияга жана кесипкөйлөргө сунушталып, үлгүлөрдү чекене сатуу жана өндүрүүчүлөр менен түз баарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен KOTRA — Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору; Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Д.Дистрибьюшн» ЖЧК; Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилиги; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана «Дордой Страхование» ЖАК.

Онлайн кайрылуу