Кыргызстан менен Корея жашыл технологиялар боюнча кызматташууга кадам таштады

Новости
03-Декабрь 2025-ж.
58

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов 2025-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында өткөн “Корея–Борбор Азия Энергетика жумалыгы” аттуу эл аралык форумга катышты. Бул иш-чара Корея менен Кыргызстан ортосунда өнөр жай тармагында кайра жаралуучу энергия жана интеллектуалдык энергия системаларынын өнүгүшүн бекемдөөгө, ошондой эле диалог, инвестиция жана ишкердик кызматташтык үчүн платформа түзүүгө багытталды.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Корея Республикасынын Наджу шаарынын Өкмөтү жана “Энергетикалык өрөөн” Ишкердикти өнүктүрүү институту (EVEDI) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул документ жаңылануучу энергия, төмөн көмүртектүү технологиялар, акылдуу энергия системалары жана кадрларды даярдоо багыттарындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана көмүртек чыгындыларын кыскартуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду биргелешип иштеп чыгып, илгерилетүүгө макулдашты. Меморандум кореялык компаниялардын технологиялары жана тажрыйбасы менен алмашуу, биргелешкен форумдарды, изилдөө демилгелерин, билим берүү программаларын жана компетенцияларды жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү карайт.

Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө маанилүү салым кошуп, алдыңкы энергетикалык чечимдерди тартууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Онлайн кайрылуу