Нурбек Максутов Дакардагы ООН СЕФАКТынын 44-форумунда Кыргызстандын санариптик трансформациясы боюнча көз карашын билдирди

Новости
03-Декабрь 2025-ж.
106

Женева шаарындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов 2024-жылдын 24-28-ноябрында Сенегалдын Дакар шаарында өткөн ЕЭК ООН Соода жана электрондук бизнес процедураларын жөнөкөйлөтүү борборунун (СЕФАКТ ООН) 44-Форумуна катышты.          

Форумдун алкагында Нурбек Максутов “Кыргыз Республикасынын блокчейн жаатындагы келечеги: санариптик трансформациядагы жаңычылдык” деген темада панелдик сессияда сөз сүйлөп, саясий диалогго катышты.  

Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасы блокчейн технологияларын улуттук санариптик трансформациянын бир бөлүгү катары активдүү өнүктүрүп жатканын белгиледи. Маанилүү инфраструктуралык элементтер түзүлгөн: «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам (2022), Блокчейнди өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш (2025), ошондой эле санарип сомду киргизүү жана мамлекеттик блокчейн платформасын түзүү боюнча пландар. Ал Кыргызстан бул аймакта криптовалюталарды киргизүү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлеп, эл аралык технологиялык компаниялар менен активдүү кызматташып жатканын баса белгиледи. 

Нурбек Максутов адам ресурстарын жана коопсуздукту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, университеттер жаңы билим берүү программаларын киргизип, мамлекеттик органдар лицензиялоо жана көзөмөл системасын бекемдөөгө көңүл бурууда экенин айтты.

Блокчейн сооданы жөнөкөйлөтүү, кагаз документооборотун азайтуу жана логистикалык процессинде ачыктыкты жогорулатуу үчүн негизги инструмент катары каралууда. Ал Кыргызстан эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана ишенимдүү санариптик экосистеманы түзүүгө даяр экенин белгиледи.

Саясий диалогдун алкагында Нурбек Максутов, СЕФАКТ ООНдун вице-председатели катары, транзиттик коридорлор боюнча санариптик жана туруктуу сооданы күчөтүү боюнча Бюро жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул долбоор стандарттарга, нормативдик базага жана системалардын өз ара шайкештигине өзгөчө көңүл бурат. Долбоордун алкагында мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жеке сектордун өкүлдөрү арасында сурамжылоо өткөрүлүп, санариптик байланышка тоскоолдук кылган негизги көйгөйлөр аныкталды жана өлкөлөрдүн транзиттик коридорлорду эффективдүү санариптештирүү үчүн кайсы стандарттар жана сунуштар зарыл экенин аныктоого мүмкүнчүлүк берди. 

Сурамжылоонун алдын ала натыйжалары көрсөткөндөй, өлкөлөргө саясатты гармонизациялоо, инфраструктураны модернизациялоо, СЕФАКТ ООНдун стандарттар пакетин киргизүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу зарыл. Негизги көйгөй - мультимодалдык коридорлордо санариптик системалардын шайкештигин камсыздоо.

Онлайн кайрылуу