2016-жылга КР сапат боюнча сыйлыгын изденип алуу үчүн конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын жыйналышы болуп өтүү

Новости
21-Декабрь 2015-ж.
2013

На заседании принято решение доработать формы анкет и в январе 2016 года объявить конкурс на соискание премий Кыргызской Республики по качеству 2016 года в сфере производства пищевой продукции и перерабатывающей промышленности в следующих трех номинациях:

Бүгүн КР Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордо 2016-жыл үчүн Кр сапат боюнча сыйлыгын изденип алуу үчүн конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын жыйналышы болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө анкеталардын формасын аягына чейин иштеп чыгуу жана 2016-жылдын январында сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын изденип алуу үчүн тамак-аш продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарында төмөнкү үч номинация боюнча сынак жарыялоо чечими кабыл алынды:

- чакан ишканалар (иштегендердин саны 50 кишиге чейин.),

- орто ишканалар (иштегендердин саны 51ден 200 гө чейин),

- ири ишканалар (иштегендердин саны 201 ден жогору).

Кыргыз Республикасынын сапат жаатындагы сыйлыгы жыл сайын сынактын негизинде продукциянын(тейлөөнүн) сапатын камсыз кылуу, продукцияны(тейлөө көрсөтүүнү) өндүрүү шарттарын сактоо, ошондой эле керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандыгы, жогорку натыйжалуу системаны ишке киргизгендиги жана сапат менеджментинин ыкмаларындагы олуттуу жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

Сапат жаатындагы сыйлыкты алууга сынагына катышуу менен:

Ишкананын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо;

Ишкананын ишин жана жетишкен натыйжаларын рыноктун башка алдыңкы өкүлдөрүнүн көрсөткүчтөрү менен салыштыруу;

Ишкананын өнүгүүсүнүн перспективалуу багыттарын аныктоо

Катышуучулардын негизги максаты өз иш алып барган рыноктук багытта алдыңкы орунга чыгуу.

Улуттук сыйлык берүүнүн өзгөчөлүгү, аны мамлекеттин биринчи адамдары бергендигинде. Сыйлыктарды берүү ЖМК кенен чагылдырылат.

.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу