КНСтин салыктык базасын өркүндөтүү боюнча токтомдун долбоору мамлекеттик органдардын жана бизнес - коомчулуктун сунуштарын эске алуу менен жеткире иштелип чыкты жана коомдук талкууга чыгарылды

Новости
01-Декабрь 2025-ж.
454

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлик тарабынан салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну, кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча салыктык базаны негизсиз төмөндөтүүнүн деңгээлин төмөндөтүүнү, ошондой эле рыноктун ак ниеттүү катышуучуларынын ортосунда атаандаштык чөйрөнү камсыз кылууну жана тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын аныктоону караган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору демилгеленген.

Бул токтом долбоорун мамлекеттик органдар менен макулдашуунун жана коомдук талкуулардын жыйынтыгында, мамлекеттик органдар жана бизнес - коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан бир катар сын-пикирлер жана сунуштар берилди.

Бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардан жана бизнес-уюмдардын өкүлдөрүнөн, ишкердик субъекттеринен түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди иштеп чыгуу үчүн Министрликтин аянтчасында 13-ноябрда жана 21-ноябрда 2025-жылы бир катар кеңешмелер өткөрүлдү.

Азыркы учурда токтомдун долбоору мамлекеттик органдардан жана бизнестен келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыкты, анда:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгында катталган субъекттерге карата тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын жайылтпоо;

– тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын КНС салыктык базасын колдонуу тиешелүү товардык позицияга орточо бааны эске алуу менен, алынган натыйжаны 30 пайызга азайтуу менен аныкталат;

– тобокелдиктин белгилери бар КНСтин салыктык базасын өткөн жылдын 20 (жыйырманчы) декабрынан жана өтүп жаткан жылдын 20 (жыйырманчы) июнунан кечиктирбестен жарым жылда бир жолудан кем эмес белгилөө;

– келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде Тизмени аныктоо жана Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.

Коомдук талкуулоо жол-жоболорун өткөрүү үчүн, жеткире иштелип чыккан токтом долбоору 27-жылдын 2025-ноябрында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (https://koomtalkuu.gov.kg/ru/npa-view/5464)  жайгаштырылган. 

Жогоруда аталган токтомдун долбооруна тиешелүү суроолор боюнча салык саясаты бөлүмүнүн салык саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси А.К. Усеналиевага кайрылууңуздарды өтүнөбүз.байланыш: +996 705 30 45 13 жана /же коомталкуу сайты.

Онлайн кайрылуу