2025-жылдын 26-ноябрынан 29-ноябрына чейин Түркиянын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле адал жана органикалык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен ата мекендик компаниялар Halal Expo 2025 көргөзмөсүнө жана 11-Дүйнөлүк Халал саммитине катышышты.
Иш-чара Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту (SMIIC), Ислам соодасын өнүктүрүү борбору (ICDT) менен биргеликте, Түркия Республикасынын Президентинин колдоосу астында жана түрк компаниясы Discover Events менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.
Көргөзмө эл аралык азык-түлүк соодасы үчүн эң ири платформа болуп саналат, ал адал секторунун өкүлдөрүнө өз кызматтарын жана продукцияларын жайылтууга, бул тармактагы сооданы жана инвестицияларды көбөйтүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана адал продукцияларына коюлган талаптарга ылайык ички жана тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик жана кайра иштетилген продукцияларды өндүрүү жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Иш-чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу-Токтобеков Чынгыз Токтобековичтин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чынгыз Эсенгул уулунун жардамы менен Кыргыз Республикасынын Экономикажана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Дамирбекович Кайырбеков адал индустриясындагы ишкердик мамилелерди чыңдоо максатында бир катар кадыр-барктуу эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү, анын ичинде:
- Ислам стандартташтыруу жана метрология институтунун (SMIIC) башкы катчысы - Ихсан Овут менен;
- Түрк стандарттары институтунун (TSE) президенти - Махмут Сами Сахин менен;
- Түркиянын Соода министрлигинин (HAK) алдындагы Адал аккредитациялоо агенттигинин башкармалыгынын төрагасы - Зафер Сойлу менен болду.
Бул жолугушууларда талкууланган тема Кыргыз Республикасында адал индустриясын өнүктүрүү үчүн эл аралык институттар менен кызматташтыкты күчөтүү, биздин өлкөлөрдүн аккредитациялоо органдарынын ортосундагы кызматташтык; Кыргыз Республикасында учурдагы ислам стандарттарын колдонуу жана адаптациялоо; (OIC/SMIIC) жана халал индустриясындагы компетенттүү адистерди (аудиторлорду, эксперттерди жана инспекторлорду) даярдоо ж.б.
Мындан тышкары, иш-чарада кыргыз тараптан ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары көрсөтүлдү:
1) ОсОО «Адал Азык» (Тойбосс)- (колбасалар);
2) ИП Кушубакова «Накта Как» (пастила, кургатылган жемиштер);
3) ЗАО Шоро- (улуттук суусундуктар, сары май, курут, аш болумдуу жемиш батончиктери);
4) ОсОО «Салих ЛТД» - (колбасалар);
5) ОсОО «Болашак» (кургатылган жемиштер, чөптөр, жаңгактар);
6) ОсОО «Дары Тянь Шаня» (бал жана аары азыктары);
7) ОсОО «АЛАЙКУ Органикс»- (улуттук суусундуктар, сары май, курут);
8) Компания «Senna Med» (сүт жана курмадан жасалган Aжвa суусундугу);
9) ИП ЭрБике комплимент (шоколад өндүрүмү).
Өз кезегинде, А.Д. Кайырбеков соода жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү боюнча бир катар ишкердик жолугушууларды өткөрдү:
- Татарстан Республикасынын Инвестициялык өнүктүрүү агенттигинин башчысы Талия Минуллина менен;
- Татарстан Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын Халал стандарттары боюнча комитетинин төрайымы менен;
- Малайзиянын Эл аралык Ислам соода-өнөр жай палатасынын (MIICCI) президенти Хаджи Мухаммад Амин Фахми мырза менен.
Түркия Республикасынын Бажы жана соода министри Өмер Болат Кыргыз Республикасынын көргөзмө стендине барып, кыргыз продукциясынын сапатына жогорку баа берди.