Анонс: Борбордук Азия — Корея бизнес-форуму өтөт

Новости
01-Декабрь 2025-ж.
223

Бишкекте «Корея жана Борбордук Азиянын экономикалык кызматташтык аянтчасы 2025» аттуу бизнес-форум өтөт.

Бизнес-форумдун биринчи күнү 2025-жылдын 4 декабрында, саат 9:30да, Бишкек шаарындагы «Шератон» мейманканасында («Бишкек холл» залы) өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары:

Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен KOTRA – Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору, Кореянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен «Д.Дистрибьюшн» ЖЧК;

Кыргыз Республикасынын Кореядагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана «Дордой Страхование» ААК.

Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси, КР Тышкы иштер министрлигинин жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын рынокторуна экспортко багытталган корей компаниялары, дистрибьюторлор, чекене сатуучулар, логистикалык операторлор жана консалтинг компаниялары катышат.

Иш-чаранын максаты – чакан жана орто бизнестердин сатуунун каналдарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жөнгө салуу, сертификация, логистика боюнча маалымат алуу, ошондой эле корей-кыргыз өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Бул аянтча ата мекендик ишкерлерге корей компаниялары менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын бизнеси менен көп форматтагы жолугушууларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Экинчи күн. 5-декабрда саат 10:00дө «Дордой Плаза» соода борборунун 2-кабатында керектөөчү товарлардын Корея—Борбордук Азия биргелешкен промо-көргөзмөсү өтөт. Иш-чарада корей товарлары кенен аудиторияга, сатып алуучуларга сунушталып, товардын үлгүлөрүн чекене сатууга жана өндүрүүчүлөр менен түз баарлашууга шарт түзүлөт.

Онлайн кайрылуу