2025-жылдын 24–26-ноябрь күндөрү Стамбул шаарында 14 жылдык тыныгуудан кийин Экономикалык кызматташтык уюмунун (ECO) 5-Жыйыны өттү. Жыйын аймактык соода-экономикалык интеграцияны чыңдоого багытталып, ага Түркиянын соода министри Өмер Болат баштаган мүчө мамлекеттердин министрлери, орун басарлары жана дипломаттар катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан Түркиядагы Кыргызстандын Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, өлкөнүн соода тармагынын санариптештирилиши, электрондук маалымат алмашуунун кеңейиши, бирдиктүү бажы стандарттарын өнүктүрүү жана ECOTA келишимин заманбап шарттарга ылайык жаңылоо боюнча приоритеттерин жана сунуштарын билдирди.
Үч күндүк программа алкагында Жогорку деңгээлдеги адистер тобунун жыйыны жана министрлердин жолугушуулары өткөрүлүп, ECO мейкиндигинде экономикалык интеграцияны тереңдетүү, аймак ичиндеги соода жүгүртүүнү көбөйтүү, ошондой эле соода жана бажы тармагындагы кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жыйында эң маанилүү кадамдардын бири – ECO Сооданы жеңилдетүү стратегиясы боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна Кыргызстан, Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан кол коюлду. Бул документ бажы процесстерин жөнөкөйлөтүүгө, маалыматташынуу жакшыртууга жана санариптик чечимдерди кеңейтүүгө багытталган.
Ошондой эле ECOTA келишимин жаңылоо боюнча Техникалык сүйлөшүүлөр комитетин түзүү жана 2026-жылдын биринчи чейрегинде келишимди кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, ECO аймагында эркин соода мейкиндигин түзүүгө багытталган жаңы жол картасы бекитилди.