Кыргызстан Ташкентте өткөн «Европалык союз – Борбор Азия» Үчүнчү экономикалык форумуна катышты

Новости
28-Ноябрь 2025-ж.
554

2025-жылдын 26-ноябрында Ташкент шаарында «Европалык союз – Борбор Азия» Үчүнчү экономикалык форуму болуп өттү. Иш чарага өкмөт өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышышты. Анда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын талкуулоо жана регион өлкөлөрү менен Европалык союздун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө багаттары талкууланда. 

Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев жетектеп, өз сөзүндө аймак аралык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн жана экономика, жашыл энергетика, транспорт жана кен казуу сыяктуу негизги багыттарда кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.   

“Өнүгүүгө көмөктөшүү” темасындагы биринчи пленардык сессияда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов чек арадагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кезегин башкаруу боюнча электрондук тутумду киргизүү жаатында Кыргызстандын тажрыйбасын айтып берди. 

«Кыргыз Республикасы ачык, болжолдоого боло турган жана кызмат көрсөтүүгө багытталган бажы башкаруу системасын туруктуу түрдө калыптандырууда. Өлкөбүздүн электрондук кезек тутумун өткөрүү пункттарында колдонуу жогорку натыйжалуулукту көрсөттү. Анын жыйынтыгында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу жоюлду, алдын ала каттоонун, күтүү аймагында бөлүштүрүүнүн жана кезекти так сактоонун жардамы менен тартиптүү кыймыл камсыздалды. Бул башаламандык күтүүдөн так болжолдоого жана чек арадан пландалган тартипте өтүүгө мүмкүнчүлүк берди», - деди министрдин орун басары. 

Аймактык кызматташтыкка арналган тегерек столдун алкагында министрдин орун басары соода процесстерин санариптештирүүнүн стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кыргызстан аймактын байланышын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги куралы катары соода жол-жоболорун санариптештирүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө стратегиялык маани берет. Биздин өлкө БУУнун ЭСКАТОнун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланышы жана Борбор Азияда бир катар биргелешкен демилгелердин ишке киргизилиши менен тастыкталган кагазсыз трансчек аралык сооданы ырааттуу түрдө илгерилетип, аймактык кызматташтыкты бекемдейт. Электрондук маалымат алмашуу, сертификаттар жана соода документтери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тезирээк, ачык-айкын жана коопсуз соода процесстери үчүн негиз түзөт. Кыргызстан мындан ары да заманбап аймактык санариптик чөйрөнү түзүүдө жана интеграциялык чечимдерди илгерилетүүдө активдүү роль ойноого даяр», - деди И.Асылкулов. 

Форумдун алкагында Искендер Асылкулов Европалык инвестициялык банктын вице-президенти Марек Моранын жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин активдүү колдоосу менен уюштурулду. Тараптар өлкөдөгү перспективдүү инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Европалык инвестициялык банк кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыгуусун билдирип, январь айында Кыргызстанга делегация жөнөтүп, долбоорлорду терең изилдөө жана алардын ишке ашыруунун кийинки кадамдарын макулдашуу ниетин билдирди.

Кыргызстандын форумга катышуусу Европалык союз менен экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө, соода тармагында санариптик чечимдерди илгерилетүүгө жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуусун ырастады.

Онлайн кайрылуу