2025-жылдын 3-декабрында, саат 14:00дө Кыргыз экономикалык университетинде «Кыргызстан экономикасынын тез өсүшүнүн милдеттери» темасында Дискуссиялык клубдун кезектеги жыйыны өтөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана Экономика илим-изилдөө институту.
Иш-чарага белгилүү экономист-окумуштуулар, ири адистер жана жетекчилер чакырылган. Ошондой эле экономикадагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө кызыккан бардык тараптар үчүн иш-чаранын эшиги ачык экенин маалымдайбыз.