Ош шаарында Кыргызстанды жашыл туризмге өткөрүүнүн негизги кадамдары белгиленди

Новости
27-Ноябрь 2025-ж.
506

Ош шаарында жыл сайын өтүүчү «Жашыл экономика» улуттук форумунун алкагында мамлекеттик органдардын, туристтик бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын катышуусунда «Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин азайтуу» темасында кеңейтилген жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын катышуучулары аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча негизги чараларды талкуулашты. Алардын ичинде көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну кыскартуу, жашыл стандарттарды киргизүү, туристтик объектилердин энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана экологиялык багыттагы долбоорлорго инвестиция тартууга шарт түзүү маселелери камтылды.

Жыйынтыктоочу отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү ыкмаларды системалуу түрдө киргизүү боюнча негизги кадамдар аныкталды. Бул туристтик тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу