Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосунда стратегиялык пландаштыруу тармагында кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Документ эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, стратегиялык жана программалык багытта пландаштыруу, долбоордук башкаруу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук приоритеттерин иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү сыяктуу тармактарда тажрыйба алмашууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.
Меморандум төмөнкүлөрдү багыттарды камтыйт:
• стратегиялык пландаштыруу чөйрөсүндө аналитикалык материалдар, методологиялар жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу;
• биргелешкен билим берүү программаларын, стажировкаларды жана эксперттик иш-чараларды өткөрүү;
• улуттук долбоорлорду жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу багытындагы кызматташууну өнүктүрүү;
• мамлекеттик программалардын эффективдүүлүгүн баалоо маселелери боюнча консультациялык жана методологиялык колдоо көрсөтүү;
• мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жана конференцияларды өткөрүү;
• эки өлкөнүн адистери үчүн окуу-методикалык материалдарды даярдоо.
Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары үчүн институционалдык потенциалды бекемдөөгө, стратегиялык пландаштыруу боюнча ыкмаларды жакындатууга жана кадрларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле Евразия экономикалык союзу алкагындагы кызматташтыкты да камтыйт.
Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди жана беш жылдык мөөнөткө эсептелип, андан ары узартылышы мүмкүн.