КР азык-түлүк коопсуздугу үчүн бааларга мониторинг жүргүзүүнүн” кезектеги Бюллетени жарык көрдү

Новости
21-Декабрь 2015-ж.
2126

Экономика министрлиги КР Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен бирге БУУ нун Бүткүл дүйнөлүк азык –түлүк программасынын колдоосу менен ушул жылдын сентябрь айынан баштап, тарта ай сайын КР азык-түлүк коопсуздугу үчүн бааларга мониторинг жүргүзүү” бюллетенин чыгарат.

Ноябрь айы үчүн негизги азык түлүк товарларынын чекене баалары жетишээрлик туруктуу болду, сабиздин, картошканын, капустанын жана алманын баалары бул жылдагы жогорку түшүмдүүлүккө байланыштуу жана жаңы түшүмдүн келүүсүнө байланыштуу төмөндөдү. Кумшекер менен өсүмдүк майына болгон баа өткөн айдагы бааларга салыштырмалуу 1ден 3 пайызга чейин өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 жана 10 пайызга чейин өсүүдө.

Кумшекерге болгон баага дүйнөлүк баалардын таасири тийүүдө Бразилия жана Индияда жагымсыз аба ырайына байланыштуу түшүм жыйноо кыйындаган, мындан тышкары 2015-жылы жыйналган тростникте сахароза азайгандыгына байланыштуу анын көпчүлүк бөлүгүнөн этанол иштетилген. Өсүмдүк майынын баасына доллардын куну таасирин тийгизүүдө.

Аймактарга салыштырганда ноябрь айында Кара-Балта, Каракол, Жалал-Абадда сүткө, картошкага, сабизге, жумурткага, өсүмдүк майына болгон баа көтөрүлгөн, тесекрисинче Бишкек, Нарын, Токмок жана Ошто этке, картошкага, жашылчаларга, жемиштерге жана дизель отунуна болгон баа төмөндөдү.

Кенен маалымат менен Маалыматтык бюллетень бөлүмүндө таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу