Кыргызстан деңиз соодасын өнүктүрүү үчүн укуктук базаны күчөтүүдө: Бишкекте ведомстволор аралык кеңешме өттү

Новости
26-Ноябрь 2025-ж.
493

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда деңиз соодасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин жана тиешелүү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү талкуулоого арналган жумушчу кеңешме болуп өттү.

Катышуучулардын негизги көңүлү БУУнун Деңиз укугу боюнча эл аралык конвенциясынын ченемдерин практикалык колдонуу маселелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода деңизде сүзүү кодексин андан ары өнүктүрүүгө бурулду. Улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу Кыргызстандын дүйнөлүк соода аренасындагы позициясын бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналары белгиленди.

Кеңешменин алкагында соода кеме катнашынын катышуучуларынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын желеги астында жүргөн кемелердин ээлеринин укуктарын тариздөө, коштоо жана коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү келечеги талкууланды. Процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле деңиздик администрлөө чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө маани берилди.

Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүн көбөйтүү, деңиз соодасын өнүктүрүү үчүн укуктук жана уюштуруучулук негизди түзүү, ошондой эле соода кеме катнашынын бардык катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар мыйзамдарды өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык соода чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Онлайн кайрылуу