Кыргызстан менен Венгрия Будапешттеги бизнес-форумда ишкердик кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Новости
24-Ноябрь 2025-ж.
2440

2025-жылдын 21-ноябрында Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баштаган кыргыз делегациясынын, ошондой эле Венгрия өкмөтүнүн жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-венгер бизнес-форуму болуп өттү.

Министр Бакыт Сыдыков кыргыз-венгер мамилелери жогорку деңгээлде экендигин айтып, өлкөлөр ортосунда ишенимдин, өз ара сый-урматтын жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуунун бекем пайдубалы түзүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле, министр Кыргыз Республикасы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди баштоого даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар ишкердик өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Бул Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода, инвестиция жана экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.