2025-жылдын 21-ноябрында Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун жана Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Богларка Иллеш айымдын төрагалыгы алдында кыргыз-венгер соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны болуп өттү.
Жыйын эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоо жана Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча маанилүү аянтча болуп эсептелинет. Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода-инвестициялык кызматташтыкты, агрардык жана өнөр жай кооперациясын, санариптештирүүнү, авиацияны, энергетиканы, транспортту жана гуманитардык алмашууларды камтыган экономикалык күн тартибинин кеңири багыттарын карашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Комиссиянын 4-жыйынынын протоколуна жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда ветеринария жана ветеринардык көзөмөл жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.