Коррупцияга каршы саясат жана жаңы ыкмалар: КР ЭКМ адистери окуудан өтүштү

Новости
21-Ноябрь 2025-ж.
152

2025-жылдын 21-ноябрында Экономика жана коммерция министрлигинин Пресс-борборунда мамлекеттик сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү маселелерине багытталган “Коррупцияга каршы саясат” семинары болуп өттү.

Окутууну министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгүл Сыдыгалиева өткөрдү.

Иш-чаранын максаты түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн деңгээлинде коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан адистердин кесиптик компетенциясын жогорулатуу болду.

Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн коррупцияга каршы саясатынын негизги маселелери, анын ичинде улуттук коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана коррупциялык аракеттерди криминалдаштыруу боюнча чаралар каралды. Бул жана башка аспекттилер мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу институционалдык жана укуктук базанын контекстинде талкууланды.

Семинар катышуучуларга өз компетенциясынын алкагында коррупциянын алдын алуу боюнча практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди аныктоонун жана баалоонун актуалдуу ыкмалары, ички контролдоо системасынын негизги элементтери, кызматтык этиканын бузулушун алдын алуу инструменттери жана кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу боюнча механизмдер каралды.

Талкуунун предмети болуп өлкөнүн Коррупцияны кабылдоо индексинин 12 жыл ичинде коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүү динамикасы, ошондой эле калктын министрликке болгон ишеним индексинин өсүү динамикасы болду.

Жакынкы өлкөлөрдүн коррупцияга каршы ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу улуттук механизмдерди салыштыруу белгилүү бир деңгээлде ачып берди. 

Онлайн кайрылуу