«Альфа Телеком» ЖАКсынын өкүлдөрү тигүүчү ишкерлерге «Честный знак» маркалоо системасынын талаптарын түшүндүрүштү

Новости
20-Ноябрь 2025-ж.
62

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде тармактык бизнес-ассоциациялардын катышуусунда ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн практикалык семинар болуп өттү. Семинардын бир бөлүгү «Честный знак» маркировкалоо системасынын талаптары темасына арналды. Кыргыз Республикасында маркаланган товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө боюнча улуттук системанын оператору («Альфа Телеком» ЖАКы) болуп саналат.

"Альфа Телекомдун" өкүлдөрү жеңил өнөр жай продукциясын маркалоо системасынын негизги принциптери, коддорду алуу жана пайдалануу тартиби, ошондой эле системадагы маалыматтарды көзөмөлдөө механизмдери жөнүндө айтып беришти. Маркалоонун киргизилиши ачык-айкындуулукту жогорулатаары белгиленди.

Мындай окутуу семинарлар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турмакчы.

Эскертүү! Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерине үчүн комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борборунун ыкчам штабы иштеп жатат. 

Штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. 

📍 Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш)

☎ Байланыш борбору: 0550 305 305

Онлайн кайрылуу