Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде тармактык бизнес-ассоциациялардын катышуусунда ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн практикалык семинар болуп өттү. Семинардын бир бөлүгү «Сертификациялоо жана шайкештикти ырастоо тартиби» темасына арналды.
Бишкек стандартизация жана метрология борборунун (БСМБ) адистери ЕАЭБдин 017/2011 техникалык регламентинин талаптарын, шайкештик декларациясын жана сертификатын алуу, лабораториялык сыноолорду жүргүзүү тартибин, ошондой эле рынокторго тоскоолдуксуз чыгуу үчүн зарыл болгон милдеттүү документтердин тизмесин кеңири түшүндүрүштү.
Эксперттер сертификациялоо процедураларынан туура өтүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна эркин чыгуунун жана ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги шарты болуп саналаарын баса белгилешти.
Мындай окутуу семинарлар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турмакчы.
Эскертүү! Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерине үчүн комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борборунун ыкчам штабы иштеп жатат.
Штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт.
📍 Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш)
☎ Байланыш борбору: 0550 305 305