Тигүү тармагынын ишканаларына салык маселелери түшүндүрүлдү

Новости
20-Ноябрь 2025-ж.
70

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн тармактык бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен практикалык семинар өткөрүлдү. 

Семинардын бир блогу салык салуу темасына арналды. Бул маселени Мамлекеттик салык кызматынын эксперттери кеңири түшүндүрүп беришти. 

Атап айтканда, төмөнкү негизги темалар козголду: 

• учурдагы салык режимдери жана талаптары; 

• чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана даяр продукцияны эсепке алуу;

• ЭСФ жана ЭТТНди милдеттүү электрондук документтер катары тариздөө. 

Спикерлер туура эсепке алуу жана электрондук документ жүгүртүү экспорттук рынокторго чыгуунун жана маркетплейстер менен иштөөнүн маанилүү шарты болуп саналаарын белгилешти.

Мындай окутуу семинарлар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турмакчы.

Эскертүү! Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерине үчүн комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борборунун ыкчам штабы иштеп жатат. 

Штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. 

📍 Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш)

☎️ Байланыш борбору: 0550 305 305

Онлайн кайрылуу