“Тоо лыжа кластери” сынамык долбоору боюнча иш чаралардын Планы жактырылды

Новости
21-Декабрь 2015-ж.
2042

2013-2017 жылдар аралыгына КР туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тоо лыжа кластери” сынамык долбоорун бекитүү чечими кабыл алынды.

Бул долбоор мамлекеттин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана ишкер субъекттердин катышуусунда кластердик мамилелерди өнүктүрүүнү карайт.

Долбоор чакан жана орто бизнести бийлик органдары менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк прициптеринде иш алып барууга көңүлүн бурууга арналган.

Тоо лыжа кластеринин Ысык-Көл сынамык долбоорун ишке ашыруу башка кластерлерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү менен аймактык өнүгүүнүн стратегиялык инструменти катары анын баалуулугун арттырат.

2015-жылдын 22-декабрында КР Экономика Министрлигинде КР Өкмөтүнүн 2015-жыл 1-декабрь Ысык-Көл облусундагы Тоо лыжа кластери” сынамык долбоору жөнүндө” токтомунун алкагында Ведомство аралык комиссиянын (ВАК) биринчи кеңешмеси болуп өттү.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен Ысык-Көл облусундагы Тоо лыжа кластери” сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча ВАК түзүлгөн, ага ылайык, бир айлык мөөнөттө көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу боюнча иш чаралардын жана үч айлык мөөнөттө тоо лыжа туризмин өнүктүрүү тармагында ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу каралган.

Ушуга байланыштуу, ВАК да Тоо лыжа кластери сынамык долбоорун ишке ашыруу үчүн иш чаралардын Планы иштелип чыкты. Көрсөтүлгөн иш- чаралардын Планында республикада кластердик мамилелерге негиз салуучу негизги багыттар келтирилген, алар, КР Кластерлер жөнүндө” Мыйзамын иштеп чыгуу, кластерлердин аймактары үчүн энергия иштеп чыгаруу боюнча иш аракеттердин Планы, кластерлердин аймактарын жылуулук менен камсыз кылуунун генералдык Планы жана башка кластерлердин аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш чаралар.

Кеңешменин жыйынтыгында Ысык-Көл облусундагы Тоо лыжа кластери” сынамык долбоорун ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планы жактырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу