Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Бишкек шаарында өтүп жаткан БАРЭК бизнес-форумунун алкагында Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Эки тараптын биргелешип белгиленген стратегиялык максаты – өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү өзгөчө көңүл чордонунда болду. Бул багыт эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан белгиленген.
Министрлер ошондой эле ишкердик байланыштарды активдештирүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү колдоого багытталган алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары, өнөр жай, транспорттук логистика, айыл чарба жана энергетика тармактарындагы келечектүү биргелешкен долбоорлор каралды.