Туризм жана электрондук коммерция жаатында меморандумдарга кол коюлду

Новости
19-Ноябрь 2025-ж.
181

Бүгүн, 19-ноябрда, Борбордук Азия Регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) бизнес-форумунун алкагында кыргыз жана тажик компаниялары биргелешкен туристтик демилгелерди өнүктүрүүгө жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Кыргыз тараптан документке Чүй облусунун "Алтын Сары-Өзөн" тарыхый-маданий дестинациясы, тажик тараптан "Чавохир Таджикистан" компаниясы кол койду.

Меморандум төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өзүнө камтыйт:

• Биргелешкен туристтик маршруттарды өнүктүрүү. 

Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш, тарыхый жана маданий кооз жерлерин бириктирген аймактар аралык турларды түзүү жана илгерилетүү.

• Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу. 

Тейлөө чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, гиддер, туроператорлор жана мейманкана бизнесинин өкүлдөрү үчүн биргелешкен билим берүү программаларын уюштуруу.

• Эл аралык рынокторду биргелешип илгерилетүү.

 Маркетингдик кампанияларды координациялоо жана "Орто Азия маршруттары" деген бирдиктүү аймактык концепциянын алдында эл аралык көргөзмөлөргө катышуу.

• Ишкердик байланыштарды чыңдоо. 

Компаниялардын үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсү үчүн платформа түзүү, эки тараптуу бизнес-жолугушууларды өткөрүү жана узак мөөнөттүү долбоорлорду иштеп чыгуу.

• Экологиялык жана туруктуу туризмди өнүктүрүү.

Жаратылыш ресурстарын сактоого, туруктуу практикаларды киргизүүгө жана экотуристтик багыттарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо.

• Туристтик мамилелерди жөнөкөйлөтүү.

Туристтердин чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүгө, логистиканы жакшыртууга, ошондой эле туристтик маршруттар дагы инфраструктураны жана кызматтарды жакшыртууга көмөктөшүү.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеев менен Кытайдын Шэньчжэнь провинциясынын Трансчек аралык электрондук коммерция ассоциациясынын башкы катчысы Ши Джинхунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ эки өлкөнүн санариптик экономикасын өз ара өнүктүрүүгө, санариптик жана финансылык көндүмдөрдү жогорулатууга, биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жана электрондук коммерция тармагында тажрыйба алмашууга багытталган.

Онлайн кайрылуу