КР Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрүн колдоо боюнча ыкчам штаб иштей баштады

Новости
19-Ноябрь 2025-ж.
216

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлердин кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу жана тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерине комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борборунун ыкчам штабы иштей баштады. 

Штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Тармактык өкүлдөр кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча кесиптик жардамга кайрыла алышат: ишканалардын учурдагы ишмердүүлүгү, экспорттук жол-жоболор, продукцияны сертификациялоо жана маркалоо, жаңы рынокторго жетүү, ошондой эле тигүү ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу. Ыкчам штаб мамлекет менен бизнестин ортосундагы тез байланыш түйүнү болуп, ишкерлерге аракеттердин түшүнүктүү алгоритмдерин, өз убагында консультацияларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүүгө багытталган. 

📍 Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш)

☎ Байланыш борбору: 0550 305 305

Онлайн кайрылуу