Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бүгүнкү форумдун көңүл борборунда — Кыргыз Республикасынын регионалдык потенциалын өнүктүрүү.
Сессиянын модератору жана негизги баяндамачысы катары экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков сөз сүйлөдү. Ал өлкөнүн акыркы экономикалык көрсөткүчтөрүнө кеңири токтолуп, форумдун катышуучуларын Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги максаттары жана милдеттери менен тааныштырды.
Анын айтымында, инвесторлорду активдүү тартуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу саясатынын аркасында акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө.
«Акыркы үч жылдын ичинде экономиканын рекорддук өсүшүн байкап жатабыз — орто эсеп менен жылына 9%. Ички дүң продуктунун көлөмү 2022-жылдагы 1 020,7 млрд сомдон 2024-жылы 1 523,2 млрд сомго чейин көбөйдү. Бул жылдар аралыгында экономиканын бардык секторлору оң динамика көрсөттү: өнөр жай — 7%, айыл чарба — 5%, курулуш — 16%, кызмат көрсөтүү тармагы — 8%. Экономиканын мындай өсүшү биринчи кезекте инвестициялардын эсебинен камсыздалды. Бул мезгил аралыгында жалпысынан 23 млрд долларга жакын инвестиция тартылды, анын ичинде 3,7 млрд доллар түз чет өлкөлүк инвестициялар. Биз ишкердик чөйрөсүн жакшыртууда туруктуу иш алып бардык: эрежелерди жөнөкөйлөттүк, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жойдук жана инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоону камсыздадык», — деди министр.
Андан ары Бакыт Сыдыков Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын — өлкөнүн стратегиялык документинин негизги багыттарына токтолуп өттү.
«Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында биз жыл сайын ИДПнын туруктуу өсүшүн кеминде 8% деңгээлинде камсыздоону көздөйбүз. Бул бизге экономика көлөмүн, жок дегенде, 30 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө жана киши башына ИДПны 4500 долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин негизги приоритеттер — адам капиталын өнүктүрүү, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапатын түп-тамырынан жакшыртуу, кичи жана орто бизнеске активдүү колдоо көрсөтүү, инвестиция тартууну күчөтүү жана жумушсуздукту 5%га чейин кыскартуу», — деп билдирди министр.
Ошондой эле, экономикалык өсүштүн негизги булактары катары төрт өнүгүү багытын баса белгиледи: индустриализация, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү, регионалдык хабды түзүү жана жашыл энергетика.
«Бул максаттарга жетиш үчүн мамлекет, бизнес, жараандар жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракеттери талап кылынат. Биз өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн эки эсе көбөйтүү жана өнөр жайга салынган негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн 50%га жеткирүү милдетин коюп жатабыз. Машина куруу, фармацевтика, жеңил өнөр жай жана курулуш материалдары тармактарын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Бул экспорттук потенциалды кыйла жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачат», — деп баса белгиледи Бакыт Сыдыков.