Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнү өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Регионалдык логистикалык хаб – Кыргыз Республикасы көңүл борборунда» аттуу сессияны алып барды. Негизги баяндаманы жасаган министр логистикалык хабды өнүктүрүү — Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
«2024-жылы транспорт секторуна салынган инвестициялардын көлөмү болжол менен 200 миллион АКШ долларын түздү. Бирок тармакты толук кандуу өнүктүрүү үчүн кошумча 1,65 миллиард доллар тартуу зарыл. Бул ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди министр.
Кыргызстандын автоунаа транспорту аркылуу жүк жүгүртүүсүнө токтолуп, Бакыт Сыдыков тармак акыркы жылдары туруктуу өсүш көрсөтүп жатканын белгиледи. «ЕАЭБдин маалыматтары боюнча, акыркы төрт жылдын ичинде жүктөрдүн жүгүртүүсү 26 миллион тоннанын ордунa 44 миллион тоннага чейин өсүп, 82% көбөйдү. Биз 2030-жылга чейин бардык транспорт түрлөрү боюнча жалпы жүк ташуунун көлөмүн жылына кеминде 110 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз», — деди ал.
Министр, ошондой эле, Кыргызстандагы логистикалык системасы темир жол, авиация жана автоунаа транспорту сыяктуу бардык транспорт түрлөрүнүн натыйжалуу интеграциясы өтө маанилүү экенин өзгөчө белгиледи.
«Темир жол транспорту жыл сайын туруктуу 2–3 миллион тонна жүк ташып, аймактар аралык байланыш үчүн олуттуу резерв бар экенин көрсөтүүдө. Кыргызстандагы негизги жүк авиахабдар — Манас (Бишкек) жана Ош аэропорттору. Акыркы төрт жылда бул аэропорттордогу жүк ташуунун көлөмү 12 эсеге өстү. Учурда авиация тармагын өнүктүрүү максатында бир катар ири долбоорлор курулуш жана ачылуу стадиясында: Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорт – өлкөнүн үчүнчү авиахабы болот; ошондой эле Манас жана Тамчы эл аралык аэропорттору модернизацияланууда», — деп белгиледи Б. Сыдыков.
Экономика жана коммерция министри логистикалык коридорлорду диверсификациялоо жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү — Кыргызстандын геостратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруунун кийинки кадамы болорун кошумчалады.