Министр Бакыт Сыдыков: Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы БАРЭК 2030 Программасынын максаттары менен толук шайкеш келет

Новости
18-Ноябрь 2025-ж.
69

Бүгүн, 18-ноябрда, Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) бизнес-форуму өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков форумдун катышуучуларына кайрылып жатып, Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүү улуттук стратегиясы БАРЭК 2030 Программасынын узак мөөнөттүү максаттары менен толук шайкеш келерин белгиледи.

Министрдин айтымында, логистика жана региондук байланыштуулук боюнча стратегиялык приоритеттердин алкагында өлкө алдына так жана айкын максаттар коюлган.

«Бул максаттар менен бирге региондук логистикалык хабга айлануу, санариптик соода түйүнүн өнүктүрүү жана жашыл энергетиканын борбору болуу — биздин негизги багыттарыбыз. Географиялык жайгашуубуз Кытайды, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Түштүк Азия менен Европаны бириктирген маанилүү байланышыбыз. Ушул артыкчылыкты пайдаланып, Кыргызстанды инновациялар жана стартаптар өнүккөн мейкиндикке, ошондой эле инвесторлор менен ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсүнө айлантууну көздөйбүз», — деп баса белгиледи Б. Сыдыков.

Онлайн кайрылуу