Бишкек шаарында Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) эки күндүк бизнес-форуму өз ишин баштады.
Форумдун катышуучуларын тосуп жатып, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул бизнес-форум дээрлик 15 жылдан кийинки биринчи ирет өткөрүлүп жатканын белгиледи.
Министрдин айтымында, иш-чара Кыргыз Республикасы БАРЭК Программасында төрагалык кылып жаткан жылда жана 20-ноябрга белгиленген Программанын 24-министрлик конференциясынын алдында өтүп жатат.
«Бүгүн биз дүйнөлүк жеткирүү чынжырларынын терең трансформацияланып жаткан, мультимодалдык маршруттардын мааниси өсүп, Борбор Азия дүйнөдөгү ири рыноктордун ортосундагы стратегиялык мейкиндик катары чыга келип жаткан мезгилде жашап жатабыз. Ушул жаңы шартта БАРЭКке мүчө өлкөлөр инфраструктуралык, технологиялык, экологиялык, логистикалык сыяктуу бир катар жаңы чакырыктарга да, инвестицияларды тартууга, интеграцияны өркүндөтүүгө жана чөлкөм аралык сооданы өнүктүрүүгө байланышкан жаңы мүмкүнчүлүктөргө да туш болууда. Дал ушул себептен БАРЭК Бизнес-форуму өтө маанилүү — ал B2B жана B2G форматтары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деп баса белгиледи Б. Сыдыков.
Министр ошондой эле Кыргызстан БАРЭК Программасында төрагалык кылуучу жана анын активдүү катышуучусу катары аймактын байланыштуулугун, туруктуулугун, цифралашуусун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди мындан ары да илгерилетерин айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн форумга БАРЭК өлкөлөрүнүн жеке секторунун лидерлери, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык каржы институттары жана инновациялык компаниялары чогулду. 200дөн ашуун катышуучу логистика, санариптик соода, финтех, агротехнологиялар, жашыл энергетика жана туруктуу туризм сыяктуу экономиканын негизги тармактарын сунуштоодо.