Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков социалдык маанилүү товарларды ички рынокко жеткирген ири ата мекендик камсыздоочулар менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууга Бишкек шаарынын баардык төрт райондорунун салык кызматтарынын өкүлдөрү дагы катышты.
Министр Бакыт Сыдыков кеңешменин катышуучуларына болгон кайрылуусунда социалдык маанилүү товарлардын баасын төмөндөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Биз борбордогу ири соода тармактары жана гипермаркеттери менен тыгыз иштеп жатабыз. Алар тараптан бааларды төмөндөтүү жаатында түшүнүүгө жетише алдык. Жыйынтыгында баалардын төмөңдөөсү байкала баштады. Бирок товарларды жеткирүү жараяны чынжыр сыяктуу бири-бирине тиешелүү болгондуктан, баага болгон сунуштарды кайра карап чыгуу зарыл. Бул кадамдарды биз жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Биз силерден чөнтөгүңөргө зыян келтирип иштегиле деп жаткан жокбуз — болгону негиздүү жана акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууңарды сурайбыз. Ошол эле учурда министрликке караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматы мониторингди күчөтүлгөн деңгээлде жүргүзүүдө: акыркы эки күндүн ичинде эле 30дан ашык айып пул салынды», — деди министр.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте баа туруктуулугун камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында баалардын үстүнөн байкоо көзөмөлүн уланта берет.