Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде төмөнкү эки меморандумга кол коюу аземи болуп өттү:
- Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосундагы «Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосундагы «Баткен облусунун Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборунун техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Меморандумдарга Индия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атынан Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав кол койду.
Кыргыз тараптан документтерге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, билим берүү тармагы боюнча меморандумга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, ал эми Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборунун техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча меморандумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков кол койду.
Ар бир меморандумдун ишке ашырылуусуна Индия тарап 126 млн 600 миң сомдон грант берет.