А. Кожошев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Новости
21-Декабрь 2015-ж.
2073

Бүгүн КР Экономика министри Арзыбек Кожошев кызматкерлерди, өлкөнүн бардык энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктады , экономиканын бардык тармагы, ошондой эле бардык үйлөрдөгү жарык менен жылуулук булардын эмгегинен көз каранды экендигин баса белгиледи.

Энергетикалык тармак республиканын экономикасынын негизги түзүүчүсү болуп саналат, жана силердин тынбаган эмгегиңер-биздин өлкөнүн өнүгүүсү менен гүлдөп өсүүсүнө олуттуу салым кошот. Жакынкы аралыкта биз биримдикте жылуулук жана электроэнергетикалык компаниялардын финансы-экономикалык абалын жакшыртууну улантабыз жана стратегиялык инвесторлорду тартабыз-деп ишеним артты.

Бардык кызматкерлерге сак-саламаттык, иштерине ийгилик , кесиптик жаратмандык, мамлекеттин экономикалык жактан бекемделүүсүнө чын жүрөктөн тилектештигин билдирүү менен, энергетиканын ардагерлеринин Кыргызстандын энерго тутумунун пайдубалын түптөөдөгү эмгектерин өзгөчө белгилеп кетти.

Ошондой эле, КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө көрсөткөн кынтыксыз жана талбаган эмгектери үчүн КР энергетика күнүнө карата” энергетика тармагынын кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу