Экономика жана коммерция министрлигинде тигүү тармагын колдоо чаралары жана РФнын рыногуна продукциянын жеткиликтүүлүгү маселелери талкууланды

Новости
17-Ноябрь 2025-ж.
150

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз продукциясынын Россия Федерациясынын аймагы аркылуу өтүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер каралды. Келип чыккан кризистин себеби Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү болгондугу белгиленди. Мындан тышкары, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү ички рынокто да, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн алкагында да колдоо боюнча чаралар талкууланды. 

Кеңешмеге катышуучулар ведомстволор аралык координацияны күчөтүүнүн, инфраструктураны модернизациялоонун, кадрларды даярдоо программаларын кеңейтүүнүн жана сапаттын заманбап стандарттарын киргизүүнүн зарылдыгын баса белгилешти. 

Бизнес өкүлдөрү тармактын ишканалары туш болгон тоскоолдуктарды белгилеп, аларды жоюу боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Талкуунун жыйынтыгында Экономика жана коммерция министрлигине тигүү өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана ишкердик ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган сунуштардын комплексин иштеп чыгуу тапшырылды. 

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков министрлик секторду узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган тең салмактуу жана натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн бизнес-коомчулук менен системалуу ишти улантаарын белгиледи.

Онлайн кайрылуу