2025-жылдын январь-октябрь айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат

Новости
17-Ноябрь 2025-ж.
121

2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттин каражаттарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшүнүн эсебинен ички суроо-талаптын жогорулашы менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1 427,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 110,0 %ды (2024-жылдын январь-октябрында – 109,8 %) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 9,9 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 8,8 %га, курулушта – 27,7 %га, айыл чарбасында – 2,0 %га өскөн. 

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 35,4 % ды, ал эми кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 49,6 % ды түздү.

Өнөр жай. 2025-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 595,0 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,8 %га өстү (2024-жылдын январь-октябрь айларында – 5,3 %га өскөн). Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 21,03 %га жогорулады.   

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу өсүшү фармацевтикалык продукцияны (2,0 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (33,6 %га), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (33,8 %га), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (29,4 %га), химиялык продукциялардын (19,6 %га), кийим-кече өндүрүүнүн көлөмүнүн (9,4 %га), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (17,1 %га) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Ошону менен бирге, негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү (3,8% га) белгиленди. 

Электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмүнүн жогорулашы электр энергияны өндүрүүнүн өсүшү (10,3 %га) менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн өсүшү (24,3 %га)  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүдөгү салымы 1,64  пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жай тармагынын үлүшү 17,6 %ды түздү.

Айыл чарба. 2025-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 407,4 млрд сом суммасында өндүрүлдү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 102,0 % түздү. Айыл чарба, токой чарба жана балык чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн 2024-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу өсүшү өсүмдүк продукцияларын өндүрүүнүн 0,8%га көбөйүшү менен камсыз болду, бул жүгөрү өндүрүүнүн 8,1%га, мөмө-жемиштердин 12,6%га, бакча өсүмдүктөрүнүн 5,4%га, жашылчалардын 11,6%га, жүзүмдөрдүн 3,9%га көбөйүшүнүн жана ошондой эле мал чарба продукцияларынын 3,2%га көбөйүшү менен камсыздалды (мында негизинен жумуртка өндүрүүнүн 8,0%га, сүттүн 2,8%га жана эттин 3,1%га көбөйүшүнүн эсебинен болду).

Учурда республиканын аймагында талаа жумуштары аяктоо алдында. Айыл чарбасынын дүң жыйымы 745,1 миң тоннаны түздү, анын ичинен 274,1 миң тонна дан, анын 252,3 миң тоннасы буудай. Картошкадан дүң жыйым 101,9 тоннаны, жашылчалардан 208,6 тоннаны, тоют өсүмдүктөрүнөн 133,3 тоннаны жана май өсүмдүктөрүнөн 27,2 тоннаны түздү. Жалпысынан алганда, айыл чарба продукциясынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 503,3 тоннага же 40%га азайган.

Түшүмдүүлүктүн төмөндөшү дээрлик бардык негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнө таасирин тийгизди: буудай өндүрүү 35%, картошка дээрлик 23%, жашылчалар 22%, тоют өсүмдүктөрү 46% жана май өсүмдүктөрү 49% төмөндөдү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ички өндүрүш өлкөнүн буудайга болгон муктаждыгынын 62,5%, картошканын 76,9% жана жашылчалардын 72,6% жабат.

Түшүмдүн кескин төмөндөшүнүн негизги себеби жагымсыз аба ырайынын шарттары болгон. Май айынан июлга чейин айыл чарба аймактарында жаан-чачындын олуттуу жетишсиздиги байкалып, абанын температурасы 37–39,5°Cге жетип, топурактын температурасы 65–69,6°Cге чейин көтөрүлгөн. 7–10 күн бою топурактын температурасы 40°Cден ашып, көпчүлүк өсүмдүктөр үчүн стресстик шарттарга, нымдуулуктун запасынын азайышына жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн начарлашына алып келген. Жайдын ортосунда катталган жергиликтүү катуу жаан-чачын жана мөндүр кошумча терс таасирин тийгизген.

Ошол эле учурда, август жана сентябрь айларында аба ырайынын жакшырышы түшүм жыйноо иштерин адаттагыдан 7–10 күн мурун баштоого мүмкүнчүлүк берди. Эртерээк бышуу продукциянын сапатынын жакшырышына алып келди: буудай бир калыпта бышып, клейковинанын жогорку курамы менен айырмаланды, бул анын сапаттык көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизди.

Ички дүң продукцияны (ИДП) түзүүгө айыл чарба өндүрүшүнүн салымы 0,20 пайыздык пунктту түздү. ИДПнын өндүрүш структурасында айыл чарбасынын үлүшү 9,5 %ды түздү.

Курулуш. 2025-жылдын январь-октябрынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомду түзүп, 18,9 %га өстү (2024-жылдын январь-октябрында 47,1 %га өскөн).

2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын 21,8 %га жана  тышкы булактарынын 5,2 %га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

2025-жылдын январь-октябрында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 83 %ы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, билим   берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканын капиталдаштыруунун олуттуу өсүшү төмөнкү факторлор менен шартталган: 

  • “Менин үйүм” программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмү кыйла көбөйдү: 10 айдын ичинде 3 621 батирдин курулушу аяктады;
  • байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестициялардын көбөйүшү, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору — ЖАК «Альфа Телеком» (MegaCom бренди) жана ЖЧК «Нур Телеком» (О! бренди) тарабынан жаңы базалык станцияларды куруу;
  • билим берүү объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү (өсүш 10,5 % болгон);
  • Бишкек шаардык мэриясы тарабынан шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көбөйүшү;
  • Спорт объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
  • өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2025-жылдын январь-октябрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 269,1 млрд сомду түзүп, 27,7 %га көбөйдү (2024-жылдын январь-октябрында өсүш 33,1 % болгон). 

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 1,95 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 8,3 %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПнын структурасында үстөмдүк кылуучу абалды ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошууну улантууда.2025-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1 088,3 млрд сомду түзүп, 9,2%га өскөн.

Калктын акчалай кирешелеринин көбөйүшү (2025-жылдын январь-сентябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 19,5%га өскөн; 2025-жылдын январь-октябрь айларында пенсиянын орточо өлчөмү 5,8%га көбөйгөн), керектөө насыяларынын көлөмүнүн өсүшү (2025-жылдын январь-август айларында 60,8%га өскөн) ички суроо-талаптын бекемделишине өбөлгө түзгөн. Натыйжада, 2025-жылдын январь-октябрь айларында дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү 15,3%га көбөйүп, 373,7 млрд сомду түзгөн. Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүсүнүн 2024-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу көбөйүшү, негизинен, чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү (18,4%га) менен камсыздалган.

2025-жылдын январь-октябрь айларында транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо кызматтарынын көлөмү 98,5 млрд сомду түзүп, 8,8%га өскөн. Транспорттун бардык түрлөрү менен 48,5 млн тонна жүк (2024-жылдын январь-октябрь айларынын деңгээлине салыштырмалуу 11,8%га өсүш), ошондой эле 531,8 млн жүргүнчү (4,7%га өсүш) ташылган.

2025-жылдын январь-октябрь айларында мекемелер жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,6%га көбөйүп, 47,8 млрд сомду түзгөн.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызматтарынын дүң көлөмү 51,3 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 106,1% болгон.

Керектөө бааларынын индекси 107,1 %ды түздү (2025-жылдын октябрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-октябрь айлары 2024-жылдын январь-октябрына карата) 108,0 %ды түздү. 

Мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 7,4 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 6,7 %га, азык-түлүк эмес товарларга - 5,6 %га жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,9 %га жогорулады.

Бул мезгилде жаңы бышкан жемиштердин (42,4 %га), жаңы кармалган балыктын (15,7 %га), өсүмдүк майларынын (14,4 %га), жаңы союлган эттин (12,8 %га), анын ичинен жылкы этинин (17,5 %га), кой этинин (16,4 %га), уй этинин (12,4 %га), балдын (7,4 %га), ак каймак майдын (6,2 %га), жаңы бышкан жашылчалардын (5,6 %га), сүт азыктарынын (5,2 %га), ундун жана алкоголсуз суусундуктардын (4,8 %га), картошканын жана нандын (3,8 %га), бышырылган нан азыктарынын (3,0 %га) жана кумшекердин баалары (1,2 %га) эң көп кымбаттады. 

Муну менен катар, тоок жумурткасынын (11,5 %га), малдын тоң майынын (2,3 %га) жана күрүчтүн (1,0 %га) бааларынын төмөндөшү белгиленди.

Быйылкы жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (9,0 %га) Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (12,1 %га) эң көп  кымбатташы менен шартталды. Баалардын максималдуу өсүшү азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга (10,5 %га) Чүй облусунда, азык-түлүк эмес товарларга (8,1 %га) Баткен облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине (10,4 %га) Бишкек шаарында байкалды. 

2025-жылдагы баа динамикасы ички суроо-талаптын өсүшү жана тышкы факторлордун (дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясы, логистиканын дүйнөлүк бааларынын жогорулашы) күчөшү менен шартталды.

Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир этти:

-Калктын акчалай кирешелеринин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн тез өсүшү: номиналдык жана реалдык эмгек акынын кыйла жогорулашы (2024-жылы номиналдык өсүш 14,1 %, реалдык – 8,6 %; 2025-жылдын январь–сентябрь айларында тиешелүү түрдө 19,5 % жана 10,9 %). 2025-жылдын январь-август айларында жеке адамдардын чек ара аркылуу акча которууларынын таза агымы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% га өскөн. Бул процесстер суроо-талаптын инфляциясын жогорулатып, керектөөнүн өсүшүнө жана ички бааларга басым жасоого өбөлгө түзгөн;;

  • ички рыноктун азык-түлүк товарларын (ун, өсүмдүк майы, дан эгиндери ж.б.) импорттоого жана дүйнөлүк тенденцияга көз карандылыгы (өсүмдүк майынын, эттин, канттын бааларынын жогорулашынан улам, импорттук суроо-талаптын жогору болушу менен колдоого алынат);
  • кредиттик активдүүлүктүн жанданышы: экономикага берилген кредиттер 2025-жылдын январь–сентябрь айларында 35,4 %га өстү, керектөөчү кредиттердин көлөмү 60,8 %га көбөйдү, бул ички суроо-талапты жогорулатып, товарлар менен кызматтардын баасынын өсүшүн шарттады;
  • 2025-жылдын январь–октябрь айларында мунай продуктуларынын бааларынын өсүшү (бензин – 13,2 %, дизель – 9,3 %). Мунун өсүшүнө сезондук суроо-талап жана Россия Федерациясынын экспортко чектөөлөрдү киргизиши таасир этти (РФ айрым мунай продуктуларын 2025-жылдын аягына чейин экспорттоого тыюу салган, бул Кыргызстандын өзгөчө келишимдери болсо да импорттук бааларга таасир этет);
  • АКШнын катуу тарифтик саясаты дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат бааларынын волатилдүүлүгүн күчөтүп, тыштан алып келинүүгө тийиш болгон товарлардын кымбатташына жана импорттолгон инфляциянын өсүшүнө алып келди;
  • турак жай жана курулуш материалдарынын кымбатташы: жогорку суроо-талап жана анын ичинде импорттук компоненттердин кымбатташынын таасири менен баалар 8–10 %га жогорулады. Бул чыгымдык инфляцияны жана активдердин кымбаттоосун шарттап, керектөө суроо-талапты дагы күчөттү;
  • республикага керектөөчү товарлардын олуттуу бөлүгү импорттоло турган негизги соода өнөктөш мамлекеттердеги инфляциянын сакталуусу тышкы инфляциялык басымды күчөтүп, ички рынокто баалардын төмөндөшүнө болгон мүмкүнчүлүктөрдү чектөөнү улантууда.;
  • Калктын инфляциялык күтүүлөрүнүн жогорку бойдон калышы: мунай продуктуларынын бааларынын өсүшү жана Россия Федерациясында күйүүчү-майлоочу материалдарга жогорулатылышы мүмкүн деген божомолдор күтүүлөрдү курчутуп, ишкерлер жана керектөөчүлөрдү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын жогорулашын алдын ала коюуга түрткү берди.

Баалардын туруктуулугун камсыздоо жана керектөөчү баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында 2025-жылдын 31-январынан тартып айыл чарба жаныбарларын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого уруксаттарды берүү убактылуу токтотулган. 2025-жылдын 11-августунан баштап уй жана кой этине (сөөксүз эттен тышкары) убактылуу мамлекеттик бааны жөнгө салуу киргизилип, бул чара 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. 2025-жылдын 1-октябрынан тартып көмүргө да 90 календардык күнгө мамлекеттик баа жөнгө салуу киргизилип, чектөө баалары белгиленди.

Көрсөтүлгөн чаралар социалдык маанилүү товарлардын бааларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тышкы жана ички инфляциялык факторлордун таасирин эске алуу менен баалардын туруктуулугун колдоо максатында эсептик ченди 75 базистик пунктка жогорулатып, 10,0 % деңгээлине жеткирди.

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 42 757 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. 

2025-жылдын январь-сентябрь номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы кыймылсыз мүлк операциялары (35,9 %), курулушта (34,7 %), административдик жана көмөкчү ишмердик (29,1 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (29,0 %), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (26,2 %), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (24,0 %), мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо (26,9 %) жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (18,3 %) чөйрөлөрүндө болду.

Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 11,3  млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3 %га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү – 18,9 %ды, импорттуку – 81,1 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн быйылкы жылдын январь–сентябрь айларында 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыскарышы экспорттук жөнөтүүлөрдүн да, импорттук келип  түшүүлөрдүн да азайышы менен шартталды. 

Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25,7 %га азайып, 2,1 млрд АКШ долларын түздү.

2025-жылдын январь-сентябрында экспорттук жөнөтүүлөрдүн азайышы 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу негизинен тирүү жаныбарлардын (8,2 эсеге), бут кийимдин (4,3 эсеге), жез сыныктардын жана калдыктардын (2,8 эсеге), кара металлдардын (1,6 эсеге), алтындын (27,9 %га), текстиль кийимдин (26,2 %га), жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн (21,3 %га), контролдук-ченөө приборлору жана аппараттардын (16,9 %га), жашылчалардын жана тамыр жемиштердин (15,2 %га), жер үстүндөгү транспорт каражаттары жана алардын тетиктерин (10,3 %га)азайышы менен шартталды. Муну менен бирге баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары (1,7 эсеге), таш көмүрдүн (18,4 %га), пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын (16,3 %га), лигниттин (күрөң көмүр) (13,8 %га)экспорттук өсүшү байкалды.

Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү 9,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,0 %га төмөндөдү. Импорттун төмөндөшү үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын кеңири ассортиментинин, анын ичинде автомобилдердин, тиричилик техникаларынын, жабдуулардын келип түшүү  көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган. 

Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу төмөндөшү негизинен трикотаж кездемелеринин (1,9 эсеге),  жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү (1,6 эсеге), кийимдер жана анын тетиктеринин (1,5 эсеге), жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин (23,4 %га), эт жана даяр эт азыктары (10,6 %га), дан эгиндери (6,0 %га) төмөндөшү менен шартталды. Муну менен катар импорттун көбөйүшү жашылчалардын жана тамырлуу жемиштердин (1,8 эсеге), кара металлдардан жасалган тетиктер (1,8 эсеге), кара металлдардын (1,6 эсеге), бут кийимдердин жана анын тетиктеринин (47,8 %га), резина жана андан жасалган буюмдары (41,0 %га), жыгач жана андан жасалган буюмдардын (40,7 %га), контролдук-ченөө аппараттар жана приборлор (39,2 %га), электр машиналарынын жана жабдууларынын (36,1 %га), суулардын, минералдык жана газдалган кант кошулган суулардын (35,5 %га), тамеки азыктары (35,0 %га), пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын (34,3 %га), химикалык жиптердин жана булалардын (32,9 %га), жаратылыш жана суюлтулган газдын (26,6 %га),  ар кандай тамак-аш азыктарынын (23,5 %га), өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.   

2025-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 3,8 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5,3 %га азайды. Ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 0,8 млрд АКШ долларын түзүп, 39,2 %га кыскарды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 11,8 %га өсүп, 3,0 млрд АКШ долларына жетти. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,8 %) жана Казакстанга (31,8 %) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 7,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 9,8 %га азайды.

Онлайн кайрылуу