Бүгүн, 14-ноябрда, Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков эттин баасын турукташтыруу маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана борбор калаадагы ири базарлардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Министр Б. Сыдыков базар жетекчилерине кайрылып, социалдык маанидеги бардык азык-түлүк түрлөрү боюнча мониторинг күчөтүлөрүн баса белгиледи.
«Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген баалар так сакталуусу керек. Баанын турукташына сырттан гана көз салып турбастан, реалдуу салым кошууга чакырам. Сиздердин ар бириңиздерден өз дэнгээлиңиздерде бааны жөнгө салууга болгон үлүшүңүздөрдү кошууну суранам», – деди министр Б. Сыдыков.
Өз кезегинде «Дордой-Дыйкан» базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков фермерлерге 3 айлык мөөнөткө эт сатуу үчүн соода орундарын акысыз берүүгө даяр экенин билдирди.
«Биз керектүү шартты түзүп берүүгө, муздаткыч жабдуулары менен камсыздоого даярбыз», – деп белгиледи ал.
Ошондой эле борбор калаадагы дагы эки ири базар фермерлерге соода аянтчаларын акысыз негизде берүүгө даяр экендиктерин билдиришти:
Ош базары (узак мөөнөткө сактоого ылайыктуу кургак азыктарга) жана Аламедин базары (эт багыты боюнча).
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык каршы жөнгө салуу кызматынын төрага орун басары Муратбек Иманкулов акыркы 3 ай ичинде 2 900 объектке карата 677 мониторинг жүргүзүлгөнүн маалымдады.
«Бул аралыкта 17 субъектке көрсөтмө берилди, жалпы суммасы 316 миң сомду түзгөн 78 айып салынды. Мындан ары мониторинг социалдык маанидеги азыктарга болгон баага байланыштуу системдүү жана күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт», – деди М. Иманкулов.