ММК үчүн ПРЕСС-АНОНС

Новости
13-Ноябрь 2025-ж.
44

1. БАРЭК Бизнес-форуму өтөт. 

Датасы жана убактысы: 

2025-жылдын 18-19-ноябры саат 9:00 Чоң зал, «Sheraton Bishkek» мейманканасы, Бишкек ш. 

Иш-чарага мамлекеттик органдардын 200дөн ашык жетекчилери, өнөр жай өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышат. Эки күндүк форум аймактык жана өлкөлүк перспективаларды бириктирип, интеллектуалдык логистика, жашыл энергетика жана санариптик чечимдер жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү баса белгилейт. 

20-ноябрда «Жашыл жана санарип БАРЭК» урааны астында БАРЭКтин Министрлер конференциясы өтөт. Анда байланыштуулукту, адамдык потенциалды өнүктүрүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жана башкаларды камтыган аймактык прогресске өбөлгө түзө турган келишимдерге кол коюуну жана стратегиялык орто мөөнөттүү баяндамаларды өткөрүүнү камтыган конкреттүү натыйжалар талкууланат деп күтүлүүдө. 

2. БАРЭКтин 24-Министрлер конференциясы өтөт: «Борбордук Азиянын жашыл жана санарип келечеги». 

Датасы жана убактысы: 

2025-жылдын 20-ноябры, 9:00 Sheraton Bishkek мейманканасы, Таш-Рабат залы Бишкек ш., Киев көчөсү 148.

Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык (БАРЭК) программасы – бул Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) БАРЭКтин Катчылыгы катары иш алып барган, аймакта жалпы өсүшкө жана гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө түзгөн ачык жана инклюзивдүү аймактык кызматташтык платформасын түзүүгө багытталган 11 өлкөнүн жана көп тараптуу өнүктүрүү институттарынын атайын өнөктөштүгү. 

Ушул программанын алкагында БАРЭКтин Бизнес-форуму (CBF) БАРЭК өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн, жеке сектордун, инвесторлордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы аймактык кызматташтыкка көмөктөшүү боюнча стратегиялык демилге болуп саналат, анын максаты БАЭКтин транспорттук коридорлорун экономикалык коридорлорго трансформациялоо боюнча бизнес мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналат.

БАЭК программасына Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет (АӨБ 2021-жылдын 15-августунан тарта Афганистанга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүүнү токтотту).

24-чү Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык (БАРЭК / CAREC) министрлеринин конференциясы "Жашыл жана санарип ЦАРЭС" темасынын алдында өтөт. Ага министрлер, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана бизнес өкүлдөрү туруктуу өсүш, санариптик трансформация жана аймактык интеграция стратегияларын талкуулоо үчүн чогулушат. 

Уюштуруучулар: 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкы 

Аккредиттелген ЖМК өкүлдөрү алдын ала каттоодон өткөндөн кийин катыша алышат. Урматтуу журналисттер, аккредиттөө үчүн журналисттердин жана операторлордун тизмесин жөнөтүңүздөр. Катышууңузду 2025-жылдын 17-ноябры, саат 14:00гө чейин тастыктаңыз. 

КР Экономика жана коммерция министрлигинин байланышчуу адамы: КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы Махабат Маматова, minekonomkr@gmail.com  +996550900130.

Онлайн кайрылуу