Бишкекте 2030-жылга чейинки тоолуу жана чек ара аймактарын өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды

Новости
12-Ноябрь 2025-ж.
138

2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун жетекчилиги астында 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү.

Иш-чара Швейцариянын элчилиги тарабынан каржыланган "Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн" өнөктөштүктүн алкагында Өнүктүрүү саясаты институтунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Иш-чара региондордун мейкиндик жана аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктаган 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек ара аймактарын өнүктүрүү коопсуздукту камсыз кылуу, туруктуу социалдык-экономикалык өсүш жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул аймактар уникалдуу жаратылыш жана климаттык шарттар, чектелген транспорт жана санариптик байланыш, алсыз инфраструктура, эмгекке жарамдуу калктын азайышы жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү менен айырмаланат.

Программанын максаты - алсыз аймактарды туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактык теңсиздикти азайтуу.

Жыйында бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарын өнүктүрүү мамлекеттик программасынын структурасынын долбоору, ошондой эле анын мазмундуу бөлүгүн толтуруунун ыкмаларын аныктоо талкууланды.

Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- бийик тоолуу жана чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык туруктуулугун бекемдөө; 

- жер-жерлерде жумуш орундарын түзүү эсебинен миграциялык агымдарды кыскартуу; 

- базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу;

- жергиликтүү ресурстар менен потенциалдын негизинде жаңы экономикалык өсүшүнүн таяныч чекиттерин түзүү.

Онлайн кайрылуу