Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды

Новости
11-Ноябрь 2025-ж.
144

Этке болгон баалардын мындан ары өсүшүнө жол бербөө, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана эт (уй эти жана кой эти, сөөксүз эттен тышкары) рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле калк үчүн бул социалдык маанилүү продукциянын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. 

Бул чараны узартуу ички рыноктун туруктуулугун сактоого жана баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү сакталып турган шарттарда жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Онлайн кайрылуу